• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Октябрь окуялары боюнча сот отуруму жылдырылды

6 Чын куран 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин кароону бүгүн да улантты.

Сот отуруму ачык өтөт дегени менен Атамбаевдин тарапташтарын сот залына киргизбей койгондуктан нааразылык чыкты.

Судья Убайдулла Сатимкулов бул чечимин кечээги отурумда киши көп болуп, Алмазбек Атамбаевге аба жетпей кыйналганы менен түшүндүрдү.

Сот жараянынын жүрүшүндө айыпталуучу Темирлан Султанбековдун жактоочусу келбей калганы белгилүү болду. Ал сыркоолоп жатканына байланыштуу сотту башка күнгө жылдырууну суранган.

Келерки отурум 8-апрелде болот.

Количество просмотров: 281