• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Октябрь окуяларына байланыштуу соттук отурум жылды

14 Үчтүн айы 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу соттук териштирүү 27-январга жылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, соттук отурумдун жылышына айыпталуучулардын толук келбегени себеп болду.

Буга чейин сот Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовду ушул жылдын 14-январына чейин камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам мерт кеткен жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен жана айрымдарына карата кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 106