• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Октябрь окуясы: Асанов, Молдокматов, Ниязовдор сотко жеткирилди (сүрөт)

8 Тогуздун айы 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы 9-октябрь окуялары боюнча соттук алдын-ала угуу жабык өтүп жатат.

Жараянга президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана саясатчы Жеңиш Молдокматовдор жеткирилди. Отурумга айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы үчүн сот отуруму 18-октябрга жылды.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча.

Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 1400