• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Октябрь окуясы боюнча соттук отурум кийинкиге жылды

23 Жетинин айы 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум уланды.

Жараянга президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана саясатчы Жеңиш Молдокматовдор жеткирилди.

Кийинки отурум 17-декабрга жылды. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жараянга келе албаганы себеп болгон.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча. Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 259