• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Govori.TVнын иликтөөсүнүн натыйжасында Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

7 Жалган куран 201912:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Соттук кеңештин алдындагы дисциплинардык комиссиянын чечимин карап чыгуунун натыйжасында 2017-2018-ж аралыктагы административдик каражаттарды жок кылуу фактысы менен Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Чга жана башка бир катар кызматкерлерге карата соттук териштирүү иши башталды.

Шектүүлөргө мындан тышкары унааны мас абалында башкарган айдоочулардан алынган 4,7 миллион сомдук айып пулду менчиктештирип алышкан деген күнөө коюлууда

Учурда териштирүү иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Эске салсак, «Govori.TV» мультимедиялык агенттиги өткөн жылдын декабрь айында  бул боюнча атайын иликтөө жүргүзгөн.

Количество просмотров: 23