• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Октябрь РИИБдин башчысынын орун басары үй камагына чыкты

22 Жетинин айы 2021 11:49 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды.

«Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Б.Дж.Тураповага карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы 2022-жылдын 18-январь күнүнө чейин тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Турапова 18-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан «алдамчылыкка» шектелип жаткан Асыл Талиповага байланыштуу иштин алкагында кармалган.

Ушул эле иш боюнча буга чейин анын жетекчиси, Октябрь райондук милициясын башкарып келген Уланбек Аалиев жана эки тергөөчүсү кармалган. Алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталууда.

Количество просмотров: 96