• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Октябрь РИИБнин башчысы УКМКнын төргөө абагына киргизилди

25 Тогуздун айы 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 21-декабрына чейин камакта калтырылды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, соттун 2021-жылдын 23-октябрындагы токтомуна менен У.К. Аалиевдин баш коргоо чарасы аныкталды. Ага ылайык, Уланбек Аалиев 2021-жылдын 21-декабрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдалануу менен сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан.

Бул фактылар боюнча КР Жазык кодексинин 143-беренеси («Кыйноолор»), 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 326-беренесинин 2-бөлүмү («Опузалап пара алуу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Количество просмотров: 310