Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Окумуштуулар 18 жаштан 109 жаш аралыгында 44 миң изилдөө жүргүзүп, өлүм кооптуулугун көрсөтө турган 14 кан биомаркерин аныкташты.
Белгилүү болгондой, немис дарыгерлери адамдын качан өлө турганын канынын анализине жараша аныктай алышат. Изилдөө иши 2 жылдан 16 жылга чейин созулган. Ушул убакыт аралыгында экспериментке катышкан 5512 адам каза болгон. Окумуштуулар алардын кан үлгүлөрүнөн метоболиттик биомаркерлерди изилдешкен. Бул көрсөткүчтөр тирүү адамдарда жогору болот. 14 биомаркер түрдүү жаштагы эркектер менен аялдарда аныкталган. Бул биомаркерлер иммунитеттин, глюкозанын, сезгенүүлөрдүн жана башкалардын көрсөткүчү болуп саналат. Анализдин жыйынтыгы алдыдагы 10 жылда адамдын өлө турганын же тескеринче жашай турганын аныктоого көмөктөшөт. Изилдөө ишинин тактыгы -83%.
Андан тышкары окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгы оорулуу дарыланган кезде айтылат деп үмүттөнүшөт.
Булак: Чындык.kg