Окуучу баланы тебелеп кеткен №18 автобустун айдоочусуна карата козголгон кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Ушул айдын башында материалдар Сокулук райондук сотуна кароого жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
3-октябрда саат 15:30 чамасында автобустун айдоочусу — 1985-жылы туулган С.Н. Маевка—Күн-Туу маршруту менен бара жатып, Достук айылында жүргүнчүлөрдү түшүрүп баштаган. Акыркы болуп 2008-жылы туулган окуучу бала автобустан түшкөн. Ал түшүп жатканда кийими автобустун эшигине илинип калып, айдоочу байкабай унааны айдап кеткен. Анын кесепетинен окуучу дөңгөлөктүн алдында калган. Окуучу бала алган жаракатынан улам өзүнө келбей Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда каза болду. Ал эми айдоочу убактылуу карамоочу жайга киргизилген.
Булак: АКИпресс