Чүйдө окуучуну тепкени видеого тартылып, Интернетке тараган мугалим жазага тартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков бүгүн 6-февралда Кара-Балта шаарынын №2 мектебинде ата-энелердин катышуусу менен чогулуш өткөрдү:
“Жыйын учурунда бул мугалим күнөөсүн мойнуна алып, ата-энелерден кечирим сурады. Ата-энелер ага карата дооматы жоктугун билдиришти. Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу 5-февралда интернетке жарыяланып, кызуу талкуу жаратууда.