• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Окуучунун апасы сабак өтүп жаткан мугалимди сүйрөп кетти (видео)

24 Бештин айы 201914:46 Бишкек Govori.TV

№95 мектеп-гимназиянын имаратында мугалим менен окуучулардын биринин апасынын ортосунда жаңжал чыкты. Мугалим «Репортерго» балдар 3 мөөнөт менен окуп жатышканын билдирген.

«Мен башталгыч класстардын окуучуларын окутам. Ошол күнү (окуя болгон күнү) 3-мөөнөттө сабагым бар болчу. Бизден мурун сабак өткөн 4-класстын окуучулары классты кеч бошоткондуктан биздин сабак кечигип башталган. Сабак башталганда 4-класстагы окуучу кыз буюмун алуу үчүн улам-улам эшикти ачып, балдарды алаксытып жатты. Мен андан сабак бүткүчө күтө турууну сурандым, бирок ал балдарды алаксытканын уланта берди.

Бир аз убакыттан кийин ал сырттан кирип келип, кимдир бирөө менен сүйлөш деп телефонду сунду. Мен сабак өтүп жатканымды айтып баш тарттым. Андан 6-7 мүнөт өткөндөн кийин класска белгисиз аял уруксаты жок кирип келип, анын кызы эмне үчүн сабак бүткүчө күтүшү керектигин сурап кыйкырып баштады.

Мен ага окуучу кыз балдарга тоскоол болуп жатканын айтып түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок ал мени күч менен класстан сүйрөп чыгып, директордун бөлмөсүнө алып барды.

Мен Ленин райондук милициясына арыз жаздым. Менден ал арызды ал деп талап кылып жатышат. Азыр медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатам, арызды албайм», — деди мугалим.

Мугалим аны директордун бөлмөсүнө сүйрөп бара жатканда тартылган видеону да тапкан.

«Биздин класстарда экиден жана мектептин коридорунда видеокамералар бар. Менде мугалим катары ал видеолорду көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тергөөчү менден видеону сураганда ошол окуяны көрсөткөн бөлүгүн таппай калдым. Андан кийин техникалык жардам көрсөтүү кызматына кайрылып, директордун компьютери аркылуу видеонун ошол бөлүгүн таап беришти.

Бул ситуацияда мени көбүрөөк түйшөлткөнү — азыр мугалимдерде эч кандай укуктун жоктугу. Ким болсо да класска кирип, сабакты үзгүлтүккө учурата алат. Мугалимдерге да урмат-сый болушун каалайм. Ата-эне мугалимге себепсиз кол салып, шылдыңдоого акысы жок. Бул биринчи жолкусу эмес», — деген мугалим айрым ата-энелер жада калса түнкүсүн да телефон чалып, кат жаза турганын айткан.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдардан бул окуяны көзөмөлгө алууну суранат.

https://static.bulbul.kg/mp4/3/65823.6688a71fb981a9dbe05ab4556afcf6aa.360.mp4

https://static.bulbul.kg/mp4/4/65824.9ae125ae9628f028edc23ac0100035fa.360.mp4

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 1555