• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Олимпиада-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

10 Баш оона 20240:38 Бишкек Govori.TV

Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло үчүн күрөшөт. Ал 9-августта эркин күрөш боюнча мелдешке 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.

Кыргызстандык кыз Нигериядан келген спортчуну жеңүү менен баштап, андан соң АКШнын өкүлүн жеңип алган.

Жарым финалда Тыныбекова украиналык Ирина Коляденко менен беттешип, 2:9 эсебинде утулуп калды.

11-августта кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн Криста Инсе (Румыния) — Анна Паула Годинес Гонсалес (Канада) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Количество просмотров: 732