• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Олимпиада-2024: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 3-орунду ээледи

10 Баш оона 202421:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Париждеги
Олимпиада оюндарында өз оюнун жыйынтыктады.


Франциядагы оюндардын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 5-8-август
күндөрү өтүп, жалпысынан 6 топтом медаль үчүн 38 өлкөнүн спортчулары күч
сынашты.


Кыргызстандан 4 спортчу килемге чыгып, 3 коло медаль утуп алышты. Бир спортчу 5-
орунду ээледи. Бул жыйынтыктын аркасында команда 55 упайга ээ болуп, командалык
эсепте 3-орунду ээледи.


Биринчи орунду 101 упай менен Ирандын командасы, экинчи орунду 59 упай менен
Кубанын курамасы ээледи.

Количество просмотров: 1517