• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Олимпиада-2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

7 Баш оона 20242:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен беттешти.

Ал атаандашынан 0:3 эсеп менен жеңилип калды. Мээрим Кыргызстандын куржунуна алгачкы күмүш медалды алып келди.

Мээрим Жуманазарова 1/4 финалда япониялык спортчу Нонока Озаки менен күч сынашып, 8:6 упай менен жарым финалга аттанган.

Жарым финалда 35 жаштагы нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, атаандашын 3:1 упай менен жеңип финалга чыккан.

20 жаштагы Элор 10 жашынан тарта күрөш менен машыгып келет. Ал 72 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023) жана күрөш боюнча Панамерикалык чемпионаттын жеңүүчүсү (2023). Америкалык спортчу 2022-жылы 18 жашында эң жаш Дүйнө чемпиону болгон.

Количество просмотров: 195