Бүгүн, 6-августта Олимп оюндарында Жоламан Шаршенбеков финалдык баскычка чыга албай калды.
Ал жарым финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен беттешти. Кыргыз балбаны атаандашынан 4:3 упай менен утулду. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, 5-августта кыргызстандык спортчу 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 упай менен, 1/4 финалда румыниялык Арнаут Рэзванды 10:0 упай менен жеңген.
Жоламан Фумита менен буга чейин эки жолку кез келген. Алар биринчи жолу 2020-жылы Азия чемпиондугунун финалында беттешип, Фумита 4:0 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи жолукусунда 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында беттешип, анда Жоламан 11:6 эсебинде жеңип алган.