• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Олжобай Шакир 2 айга камалды

24 Баш оона 202318:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-августта журналист, публицист Олжобай Шакир 2 айга камалды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин камакта болот.

Публицист, журналист 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Ага  “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

Количество просмотров: 153