• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Олжобай Шакирдин соту 6-декабрга белгиленди

24 Жетинин айы 202317:40 Бишкек Govori.TV

Камактагы жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бүгүн 24-ноябрга белгиленген соту өтпөй калды. Буга аны сотко алып келишпегени себеп болду.

Маалым болгондой, кийинки отурум 6-декабрга белгиленди.

Эске салсак, Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин камалган.

Ага  “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

Количество просмотров: 469