• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ондогон бүтүрүүчүлөр аттестат ала электе аскерге жөнөтүлдү

28 Кулжа 201911:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.

Ашхабад мектептеринин ондогон бүтүрүүчүлөрү орто окуу жайды аяктагандыгы жөнүндө аттестаттарды алуу аземине катыша алган жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бийлик аттестат тапшыруу аземине чейин айрым балдарды аскерге кызмат өтөөгө алып кеткен.

Маалыматтарга караганда, быйыл Түркмөнстанда аскерге чакыруу чаралары күчөтүлдү.

7-июнда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы жаңы гана мектепти бүткөн балдар армияга чакырылып жатканын кабарлаган. Жазгы аскердик чакырыкка жетишүү үчүн аскер комиссариаттары мугалимдерден бүтүрүү сынактарын тездетүүнү талап кылган.

20-мартта Түркмөнстанда жазгы аскерге чакыруу башталган. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгына ылайык, 18 жашка толгон жарандар армияда кызмат өтөөгө милдеттүү.

Количество просмотров: 12