Бишкек.01.11.2018.Govori.TV
Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында аскерлер жана депутаттар бара жаткан тик учак кулап, кыйроого учурады. Тик учактын ичинде 25 адам болгон. Тилекке каршы алардын эч бири тирүү калган жок. Бул каргашалуу окуя тууралуу Associated Press басылмасы жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, эки тик учак жанаша учканынан улам бул кырсык болгон. Фарах провинциясынын өкүлү Насер Мехринин айтымында, кулаган тик учак дагы бир аскердик тик учактын коштоосунда учуп бара жаткан. Аба ырайы туруксуз болгондуктан учкуч башкаруусун жоготкон. Ал эми Талибан ислам кыймылынын өкүлү тик учак атылып кулатылганын билдирди.