• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ооганстанда «Азади» радиосунун журналисти жардыруудан мерт болду

13 Жетинин айы 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

«Азаттыктын» ооган кызматынын журналисти Элиас Дайи жардыруудан каза болду. Окуя 12-ноябрда эртең менен өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясынын борбору Лашкар Гах шаарында болгон.

Анда журналисттин автоунаасына жабыштырылган бомба жарылган. Гилменд провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Омер Звак кол салуудан дагы үч киши жарадар болгонун билдирди. Алардын арасында маркум журналисттин бир тууганы жана дагы бир бала бар. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок.

Дайи «Азади» радиосу деген аталыш менен таанылган «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган бюросунда иштеп келген. Аталган бюронун жетекчиси Сами Махди «Твиттердеги» баракчасына: «Менин кесиптешим жана досум Элиас Дайи бүгүн эртең менен террордук кол салуудан улам каза болду», деп жазды.

Махди маркум журналистти: «Ал чыныгы мырза болчу. Ар дайым өзүнө таандык жылмаюсу менен күлүп жүрчү эле. Бул абдан кайгылуу кабар. Элиас, сени дайым эстеп жүрөбүз», — деп эскерди.

Ооган президентинин расмий өкүлү Сиддик Сиддики кылмышты айыптап: «Ооганстандагы сөз эркиндигинин жана маалымат каражаттарынын душмандарынын колунан келди», — деп билдирди.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтобой жатат.

Количество просмотров: 70