• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ооганстанда коронавирус катталды

24 Бирдин айы 202018:06 Бишкек Govori.TV

 Ооганстанда коронавирус жуккан биринчи учур катталды. Бул маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары саламаттыкты сактоо министри Фирозуддин Фирузага шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, үч адам коронавирус боюнча текшерүүдөн өтүп, алардын биринен бул дарттын белгилери табылган. Ал Ирандан барганы аныкталып, Герат провинциясында өзгөчө кырдаалдар абалы жарыяланган.

Кошумчалай кетсек, Иранда коронавирустан 8 адам көз жумгандыктан, Ооганстан өпкөнү сезгентүүчү илдетти жайылуу коркунучун алдын алуу максатында Иран менен байланыштырган каттамдарды токтотту.

Количество просмотров: 202