• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ооганстандан баңгизат ташыган топ колго түштү

10 Бирдин айы 202015:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте Ооганстандан баңгизат ташыган топ колго түшкөнүн билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, маңзат каналын уюштурган адамдар кармалып, 274 килограмм гашиш жана 3,5 килограмм метамфетамин алынды. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусунда баңгизат даярдаган топ аныкталган. Маалыматка караганда, Токтогул районундагы айылдардын биринде маңзат даярдаган жабдуулар жана 87 килограмм гашиш, 17 килограмм марихуана табылган.

Количество просмотров: 21