Өзбекстандан оор кылмыш жасап, качып жүргөн адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1999-жылы туулган жараны Б.С. 2020-жылдын февраль айында айылдашын бычактап өлтүрүп, качып кеткен деген шек менен Фергана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан.
Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (атайылап киши өлтүрүү) менен иш козголгон.
Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынды.