Бишкектеги №1 шаардык ооруканада жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын айтышкан.
Эске салсак, Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.