• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ооруканаларда 9 миң 321 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

30 Теке 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ооруканаларда 9 миң 321 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 3 миң 801 адам жана 5 миң 520 бейтап пневмониядан дарыланууда.

«Бишкек шаарында 3 миң 609 киши, Ош шаарында – 607, Чүй облусунда – 1 миң 140, Ош облусунда – 1 миң 152, Нарын облусунда – 198, Ысык-Көл облусунда – 983, Жалал-Абад облусунда – 831, Талас облусунда – 323, Баткен облусунун ооруканаларында 478 бейтап дарыланууда», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 631 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 35143тү түзөт. Алардын ичинен 24474 киши айыгып чыкты, 1364 адам каза болду.

Количество просмотров: 39