• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ооруп жатам деген депутат Зарылбек Рысалиев президент менен Абу-Дабиге эмнеге кетти?

11 Бештин айы 2019 14:26 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Аны ким коштоп кетти?

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалды өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бар жана экономика министри Санжар Муканбетов.

Эскерте кетсек, 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн. Ооруканада 6 ай жатып, жакында эле парламентке келген. Бирок, депутат үй камагында, журналистер менен сүйлөшкөндө, ооруп жатам, жакшы сүйлөй албай жатам деген эле.

Расмий визиттин алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуусу пландалууда. Жолугушууда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат.
Ошону менен бирге Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештери менен жолугат.

Количество просмотров: 1626