«Оптима Банктын» бир катар кызматкерине коронавирус оорусу жукканы аныкталды. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, оору жуктурган кызматкерлер жана алар менен байланышта болгондор карантинге алынып, обсервацияга жаткырылган.
«Бейтаптардын эмгектенген оорду, ошондой эле айлана-тегереги, имарат дезинфекцияланды»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 100 адамдан табылып, таажы илдетин жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетти.