Бишкек. 13.08.2019. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков курал колдонбоо тапшырмасын берген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, президентке иш-чаралар тууралуу маалымат берилген. Бирок, ал иш-чара качан өткөрүлөрүн Опумбаев өзү чечкен.
«Президент курмандыктар болбошу үчүн курал колдонбоо тапшырмасын берген. Ал эми иш-чара качан өткөрүлөрүн өзүм чечкем. Мен кырдаалга жараша аракет кылгам. Ал атайын операция эмес, иш-чара болгон», — деди ал.