• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш иши козголгонбу? Башкы прокурордун жообу

9 Бирдин айы 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

«УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге башаламандык учурунда кызматтарын таштап кетишкени үчүн кылмыш иши козголдубу?» деген Govori.TVнын суроосуна Зулушев төмөндөгүдөй жооп берди.

“УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жеке кылмыш иштер козголгон эмес. Ал эми октябрь окуялары учурунда кызматтарын таштап кеткенине юридикалык баа берүү боюнча иштер жүрүп жатат ”, — деди Зулушев.

Количество просмотров: 2452