• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Опузалап акча талап кылганга шектелген УКТ мүчөлөрү кармалды

11 Бирдин айы 2021 10:38 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Элдияр аттуу бала өзүнүн эки таанышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен андан 410 миӊ сомун жана 2 миӊ долларын тартып алышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү аныкталган. Алар ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоосунда турушкан Чолпон-Ата шаарынын тургундары 22 жаштагы Э.Э. жана 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун тургуну 24 жаштагы Р.А. болуп чыгышты. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлгөн.

Соттун чечими менен шектүүлөр баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 284