Бүгүн, 21-декабрда жарандык активист Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков анын абалы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, абакта ачкачылык кармаган Суранованын абалы оорлошуп кетти.
«14-декабрда Перизат Суранова ачкачылык жарыялаганын расмий билдирген. 15-декабрда барып кабар алганымда ал кургак ачкачылык кармап жаткан. Ал эми кечээ мени жолугууга киргизишкен жок. Суранованын абалы кескин начарлап, кан басымы жогорулап жатат»,-деди ал.
Эске салсак, Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын арасынан активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде маалымдалган. Активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө Суранованын абалы оорлошконуна байланыштуу бир нече укук коргоочулар менен чогуу Бишкектеги №1 тергөө абагына барганын жазып чыккан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова алардан кабар алып чыккан.