• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартуу үчүн арыз бердиби?

17 Аяк оона 2021 16:35 Бишкек Govori.TV

Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу мамлекеттик «Анадолу» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышкан. Инанды, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган. Ошондой эле, сотто ал Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай негиз жок экенин билдирген.

«Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 23-ноябрга жылдырды»,-деп айтылат маалыматта.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан. Инандынын Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз ага козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын маалымдаган.

Количество просмотров: 773