• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын митинги бүгүн дагы уланды

7 Кулжа 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, 7 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табууну талап кылгандар 7-июнда да Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Митингге 100дөн ашык адам катышууда. Чогулгандар акция Инанды табылганга чейин уланарын маалымдашууда.

Буга чейин «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү «Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат» деген маалымат алганын билдирип чыкты.

Инандыны табууну талап кылгандардын акциясы 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында, 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына, 4-июнда өкмөт үйүнүн алдына чогулушкан. Ички иштер министрлиги 5-июнда кабарлагандай, Орхан Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүүдө.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Количество просмотров: 213