• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы берилет

4 Кулжа 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы беришет. Бул тууралуу алар бүгүн, 4-июнда өтүп жаткан митингде айтышты.

«Агайыбыздын уурдалганына төрт күн өттү, андан бери издөө иштеринде эч кандай жылыш болгон жок. Биз бүгүн бүтүрүүчүлөр менен кеңешип, ким Орхан Инандыны тапса, ага 1 млн доллар берели деп чечтик. Бул убадабызга турабыз», — деп айтышты уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды үч күндөн бери табылбай жатат. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Учурда издөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 234