• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Оркошова: Жергиликтүү элдин көйгөйүн чечкенге аракет кылым

9 Тогуздун айы 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Наргиза Оркошова.

34 жаштагы Оркошова Чүйдүн Беловодск айылынан келген.

«Өзүм медицина кызматкеримин. Быйыл биринчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болдум. Мага абдан кызыктуу нерсе, баарына эле жардам бергим келет. Айымдарга жардам берүү, аз камсыз болгон жарандарга көмөк көрсөтүү. Мисалы, биздин округдан 3 депутат чыкканбыз, анан биз көчөлөргө асфальт төшөө, балдарга арналган бакча куруу иштерин жүзөгө ашырып жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 313