• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ормонов: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун электен өткөрүп койгон туура

26 Үчтүн айы 2022 15:52 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүү сунушун туура деп ойлойм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1995-жылдан тарта жасалма диплом берүү күч алган.

«2020-жылга чейин эл өкүлдөрүнө жогорку билимге талап жок болчу. Себеби Баш мыйзамда «Кыргызстандын ар бир жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылган. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында кодекстерге өзгөртүү кирип, талап коюлган. Коомчулукта эл өкүлдөрүнө сындар көп айтылгандыктан ушундай иштер башталды. Диплом маселесине байланыштуу мандатынан ажыраган Орозайым Нарматова БШКнын чечиминин үстүнөн сотко кайрылса болмок. Экинчи жагынан алып карасак, мамлекеттик кызматкерлердин дипломун электен өткөрүп койгон туура. Өзгөчө эгемендикти алган 1995-жылдан баштап, жасалма диплом берүү күч алган»,-деди Ормонов.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин кабарлады. Анын айтымында, мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров берди.

Количество просмотров: 50