• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

20 Жалган куран 2023 11:09 Бишкек Govori.TV

Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Эске салсак, 2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2237