• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Орок айылында кармалгандардын 31и бошотулду

6 Кулжа 201910:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө Орок айылындагы окуя боюнча 31 жаран бошотулуп, бир жаран Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн камакта калтырылган жарандын сот тарабынан баш коргоо чарасы аныкталат. Буга чейин, Орок айылындагы окуя боюнча Сокулук РИИБсине 31 жашоочу жеткирилгени, андан соң дагы бир катышуучу кармалып, жалпысынан 32 жаран кармалды.

«Түндө эч кандай окуя катталбаганын билдиребиз. Учурда Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан күзөттөө уланып, ошондой эле, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалып жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Таяк жеген балдар ооруканага жаткырылылган. 


Количество просмотров: 13