• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орок айылында тогуз аял депутаттык мандат алат

14 Чын куран 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында тогуз аял депутаттык мандат алат.

Бул тууралуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Жаныбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аял талапкерлер көп катышкан. Буга карата нааразылык боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«67 талапкердин 40% аял болгон. Шайлоодо өткөн 21 депутаттын тогузу аялдар. Мурдагы шайлоодо үч аял депутаттыкка шайланган», — деди Жаныбеков.

Буга чейин Орокто айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыкканы белгилүү болгон. Алардын нааразылыгын байкоочулар тарткан видео тарап кеткен. Сокулук районунун бийлиги көбүрөөк добуш алган айрым талапкерлер, өздөрүнөн аз добуш алган аялдар жергиликтүү кеңешке өтүп кеткенине нааразы болгонун билдирген.

Орок айылында 10 миңден ашуун киши жашайт. Анын 7 миңдейи шайлоо укугуна ээ. Айылдык кеңеште 21 мандат бар. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, алардын жетөө аял болушу керек. Бул жолку жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого калктын 33% катышкан.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоолордо алгачкы ирет колдонулду.

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн.

Жекшемби күнү өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 145