Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин жарандарды кабыл алуусунун негизинде Орок орто мектебиндеги окуяларды жеринен териштирүү боюнча атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова башында турган комиссиялык топ иштин чоо-жайы менен таанышуу үчүн аталган орто мектепке барды.
«Териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайдын алдын албаганы, билим берүү мекемесинин санитардык абалына көңүл бурбаганы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директорун ээлеген кызматынан четтетүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына окуяны көзөмөлгө албаганы үчүн дисциплинардык чара көрүү сунушу берилди», — деп айтылат билдирүүдө.