Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана шаар коменданты өкмөттө маалымат жыйын беришти. Анда шаар комендантына суроо узатылып, Бишкектин чет жагындагы кичирайондорунда карантинди жарандар жакшы карманбай жада калса маскасы жок жүргөнү жакшы көзөмөлгө алынбай жатканы айтылды.
«Көзөмөл жакшы деңгээлде эле болуп жатат. Азыркы учурда 400дөй патруль жүрөт. Шаарда жөө кишилер эле эмес, автоунаалар да көп болуп жатат. Патруль кызматынын автоунаалары атайын белгилер менен иштөөгө аргасыз», — деди Орозалиев.