• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орозо кармоо кимдерге милдеттендирилбейт? (видео)

16 Бугу 2018 16:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.05. 2018. Govori.TV

Орозо кармап жатып, ооруп калган адам оорусунан айыкканга чейин орозосун токтото турууга шарият уруксат берет. Кармабай калган күндөрүн кийинки жылы Орозо айы келгенге чейинки өзүнө ыңгайлуу болгон учурда кармап койсо болот. Ал эми орозо кармап жатып, укол-дарыларды алууга болбойт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүн башчысы Равшан ажы Эратов 30 күндүк Орозонун кармоо тартиби тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, орозо парзы эки гана топтогу мусулмандарга милдеттендирилбейт. “Бала эмгизген аялдар балдары өз алдынча болуп калганга чейин орозо кармашпайт. Ошондой эле ашыкча карып, орозо кармоого алы келбей калган ата-апаларга орозо кармабай коюуга Алла-Таала уруксат берет. Бул мусулмандар орозо кармоонун ордуна фидия төлөп берсе болот”,- дейт ажы.

“Фидия” – бул 1кг.600г. буудай, же анын наркы. Бир отурганда канча каражатка курсак тойсо, ошончо сумманы 30 күнгө эсептеп, колунда жок, жарды, жетим-жесир, бей-бечараларга берип койсо, бул ошол адамдын атынан орозо болуп саналаарын ажылар белгилешет.

30 күндүк Орозо айы жыл сайын 10 күн алдыга жылып турат. Быйылкысы айдын чыгышы боюнча, 17-майдан 15-июнга чейин деп белгиленди. Орозо айынын 26сынан 27сине караган түнү, тагыраагы 11-июнь түнү Кадыр түн тосулат. Ал эми Курман айт 22-августка туура келет. Бирок, бул дата айдын чыгышына карата 1-2 күнгө ары же бери жылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 178