Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Египетте Ыйык Рамазан айынын урматына эң узун дасторкон жайылды. Бул тууралуу Al-Watan басылмасы жазды.
Белгилүү болгондой, Каир шаарына жакын жерде уюштурулган ооз ачаарга арналган дасторкондун узундугу 3 чакырымга жетип, эң узун дасторкондон 7 миң киши ооз ачкан.
Анда дасторконго ар кандай дүйүм тамактар жана кургатылган мөмөдөн жасалган «амр ад-дин» рамазан суусундугу жана чай коюлган.
Белгилей кетсек, бул иш-чарага Гиннестин рекорддор Китебинин өкүлдөрү да катышкан.