• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орто-Сайда чыккан өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

9 Жетинин айы 2020 18:38 Бишкек Govori.TV

Орто-Сай базарында чыккан өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт базардагы эки кабаттуу имараттан чыккан. Имаратта тигүүчү цех, дүкөндөр жана тез тамактануучу жай болгон.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 210-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Өрттүн себебин аныктоо үчүн техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, басма сөз кызматы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан базардын аймагында өрт коопсуздугун бузган көптөгөн фактылар Мамлекеттик экотехинспекциянын өрткө каршы көзөмөлдөө дирекциясына бир нече жолу жөнөтүлгөндүгүн белгилейт. Ошондой эле, укук коргоо кызматкерлери мыйзам бузууларды четтетүү үчүн рейддерди өткөрүүнү суранып келишкен.

Количество просмотров: 54