• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орус каналы пенсионерге жарым миллионду кайтарып берген таксист Жеңишбек тууралуу сюжет тартты

28 Чын куран 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык таксист Жеңишбек Кабылов шылуундардын тобун алдап, пенсионер аялга 500 миң рублин кайтарып берди. Бул тууралуу “Рен ТВ” телеканалы маалымдап, Кабыловдон окуя тууралуу маегин алышкан.

Окуя болгон күнү Жеңишбек аттуу таксист пенсионерден баштыкты алып, айтылган дарекке жеткирип бериши керек болгон. Жолдо бара жатканда баштыкты алуучулар бат-баттан чалып, күмөн жараткан. Анда таксист алдамчылар болушу мүмкүн экенин түшүнүп, баштыктын ичин текшерген.

Акчаны көргөн Жеңишбек шылуунга бош баштыкты берип, пенсионерге кайтып келген. Пенсионерге телефонуна чалгандар аварияга кабылган сиңдисин сактап калабыз деп акча талап кылышканы белгилүү болгон.

https://www.youtube.com/watch?v=12keK7eBHCc
Количество просмотров: 204