• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орус-казак чек арасында калган кыргыз мигранттары автобус менен жолго чыкты

5 Бугу 2020 15:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 519 жараны Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке келе жатат. Алар бүгүн, 5-майда саат 08:00дө медицина кызматкерлеринин коштоосунда 9 автобус менен чыгышканын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Казакстан тарап 16-апрелден бери Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн россия-казак чек арасынан бир жолку транзиттик коридор ачкан.

Аталган аймакта Кыргызстандын дагы 70 жараны унаалары менен калды, алар Казакстандын чек арасынын ачылышын күтүшөт. Кыргызстандык жарандардын унаалары үчүн Оренбург облусунун бийлиги Соль-Илецк шаарындагы аскер бөлүктө акысыз унаа токтотуучу жай берди.

«Ошондой эле Оренбург облусунун Бузулук шаарынын кире беришиндеги 300 кыргызстандык жаранга тиешелүү маселе жарым-жартылай чечилди. 155 адам, анын ичинде кош бойлуулар, жаш жете элек балдар, улгайган адамдар аталган автобустар менен мекенине жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө Соль-Илецк жана Бузулук шаарларында абал негизинен жөнгө салынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 160