Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев «эмне үчүн Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салды?» деген суроо узатты.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, Кыргызстанга Орусия тараптан келишип, сүт чыгарган мекемелерге инспекция жүргүзүп кетишкен.
“Орусияга болгон сүт азыктарынын экспортунун көлөмү өсүп кеткендиктен, алар Кыргызстанга келип, сүт чыгарган мекемелерди текшеришкен. Анткени алар өзүңөр чыгарган сүттү жиберип жатасыңарбы же башка жактан дагы алып жатасыңарбы деп, Кыргызстанга келип, текшерүү жүргүзүштү. Менин билишимче алар Ветеринардык кызматтарга сертификат бербей туруу боюнча кайрылуу жасашты. Эми чогуу иликтөө жүргүзүшөт”, — деди Назарбек Малаев.
Балбак Түлөбаев кемчилик ишкерлерден кетип жатканын айтып, төмөндөгүлөрдү кошумчалады.
«Балээнин баары биздин бардык нерсеге көз жумуп койгонубузда. Мисалы, Россияга сүт сатабыз деп беш завод уруксат алган, көлөмү да маалымдалган. Бир завод 15 миң литр чыгарууга жөндөмдүү болушу мүмкүн. Анан эле күпүлдөтүп Россияга 30-40 миң тонна чыгара баштаса, алар да «муну кайдан алдыңар?» деп айтат да. Бир лицензиясы бар ишкана Чүйдөн, Көлдөн чогултуп келип эле сатып жатат. Балык боюнча дагы ушундай болгон. Урматтуу кыргызстандыктар, биз өзүбүздү-өзүбүз алдашыбыз мүмкүн, бирок башка өлкөлөрдү албай албайбыз. Баарын ирети менен кылсак, сүт, балыгыбызды жөн эле коё берет», — деди Түлөбаев.