Украина менен Орусиянын делегациялары бетме-бет сүйлөшүүлөрүн 28-30-март күндөрү Түркияда улантат. Бул тууралуу украин делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия 27-мартта Фейсбук аркылуу билдирди.
Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.
Бир апта мурда украин президенти Владимир Зеленский CNN телеканалы менен маегинде орус президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталаган. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн президенттери жолугардан мурда делегациялардын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болушу керек экенин белгилеген.