Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 7-мартка белгиленди. Бул тууралуу «Фейсбукка» украин тараптын өкүлү Давид Арахамия жазды.
Сүйлөшүүдө тараптар, Мариупол жана Волновах шаарларынын тургундары чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык жол ачып берүүгө макул болушкан.
Буга чейин эки тараптын делегациялары эки жолу Беларустун аймагында жолугушкан.