• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусия жана Украина президенттери телефондон сүйлөшүп, келерки жолугушууну талкуулашты

15 Бирдин айы 2020 11:18 Бишкек Govori.TV

Орусия жана Украина президенттери жума күнү телефондон сүйлөшүп, “Норман төрттүгү” форматындагы келерки жолугушууну талкуулашты.

Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси билдирди. Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы качан болору айтылган жок.

Маалыматка караганда, Зеленский менен Владимир Путин “Донбасс жана Крымдагы убактылуу оккупацияланган аймактардагы жана Орусияда кармалгандарды бошотуу» маселесин да козгошту.

Кремлдин басма сөз кызматы телефон сүйлөшүү жөнүндө маалымат тарата элек.

Сөз болгон эки өлкөнүн жана Франция, Германиянын лидерлери катышкан “Норман төрттүгү” форматындагы жолугушуунун акыркысы бир топ тыныгуудан кийин, былтыр декабрда Парижде өткөн. Анда Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну караган Минск келишимдерин аткаруунун “жол картасын” түзүү, Донбасстагы үч жерде жаатташкан тараптардын күчтөрүн куралдуу жаңжал тилкесинен чыгаруу жана туткундарды айырбаштоо тууралуу макулдашылган. Азырынча ушул акыркы пункт гана аткарылды.

2014-жылы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк армия ортосунда уруш башталган. Жаңжал ошондон бери 13 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Ага чейин Москва кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Количество просмотров: 167